Бишкекте №55 мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат
Бишкек шаарында №55 мектепке кошумча 1200 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аларды жеке көзөмөлүнө алууда.
Курулуп жаткан объект борбор калаанын Гагарин көчөсү, 166 дарегинде жайгашкан. Ал №55 мектепке кошумча салынып жаткан окуу корпусу болуп саналат. Учурда объектте пайдубал куюу иштери активдүү жүрүп жатат.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, ар бир этаптын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.


