Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык миссия өтүүдө
10-12-март күндөрү Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) тарабынан эл аралык эксперттердин миссиясы өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Анын максаты — өлкөнүн фармацевтика тармагын модернизациялоого жана дары каражаттарын өндүрүүдө тийиштүү өндүрүш практикасынын (GMP) эл аралык стандарттарын киргизүүгө колдоо көрсөтүү.
Бул миссия КРнын Министрлер Кабинети менен ЮНИДОнун ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын алкагында, 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өлкөлүк өнөктөштүк программасынын негизинде уюштурулууда. Программада фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири катары белгиленген.
10-мартта Бишкекте ЮНИДОнун эксперттери Экономика жана коммерция министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана ата мекендик фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Анда фармацевтика тармагын өнүктүрүү, Евразия экономикалык бирлигинин GMP стандарттары боюнча талаптары жана өндүрүштү модернизациялоону колдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле фармацевтика өнөр жайын GMP талаптарына шайкеш келтирүү боюнча жумушчу семинар өтүп, анда ата мекендик ишканалардын стандарттарга шайкештик деңгээли боюнча жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары сунушталды.
Миссиянын алкагында ЮНИДОнун адистери фармацевтикалык ишканаларга техникалык сапарларды жүргүзүп, GMP стандарттарын колдонуу деңгээлин баалашат. Жыйынтыктоочу жолугушуу 12-мартта өтүп, анын негизинде Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө багытталган кийинки кадамдар аныкталат.


