Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган.
Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү. Мындан тышкары, текшерүү учурунда дарыкананын дары-дармектерди сактоо жана сатуу боюнча тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иш алып барганы да аныкталды.
Ошондой эле салык мыйзамдарын бузган бир катар башка фактылар белгилүү болду. Тактап айтканда:
товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөнжүргүзүлгөн;
айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес;
контролдук-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.
Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.
