Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд жарандарга ипотекалык жана автокредиттер боюнча баштапкы төлөм жетишпеген учурда кепилдик берерин фонд башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин фонд негизинен ишкерлер менен иштечү, бирок кийинчерээк турак жай сатып алган жарандарды да колдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Абакиров белгилегендей, ипотекалык насыя алууда банктар адатта 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдү талап кылышат. Мындай учурларда Кепилдик фонд ушул сумманын кепили катары чыга алат.

"Жаран алгач ипотекалык насыя алуу үчүн банкка кайрылат. Эгер банк насыяны жактырса, бирок баштапкы төлөм талап кылынса, анда Кепилдик фонддон кепилдик алууга болот. Биз бардык банктар менен келишим түзгөнбүз", — деди ал.

Анын айтымында, кепилдикти тариздөө банктын арызды кароосу менен бир учурда жүргүзүлөт жана кошумча документтерди чогултуу талап кылынбайт.

Фонддун жетекчиси бул программа мамлекеттик ипотекалык программага гана эмес, ошондой эле коммерциялык банктар берген ипотекалык насыяларга да тиешелүү экенин айтты.
Мындан тышкары, фонд ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды сатып алууда да кепилдик берет. Абакировдун айтымында, автокредит берүүдө банктар адатта 30% баштапкы төлөмдү талап кылышат, бул сумма да фонддун кепилдиги менен жабылышы мүмкүн.

Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы бул программанын алкагында 158 адам автоунаа сатып алган. Ал эми быйыл жылдын алгачкы эки айында эле 60тан ашык жаран автоунаага ээ болгон.

Ошондой эле лизингдик операциялар үчүн кепилдик берүү программасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Малик Абакировдун айтымында, банктар менен айрым маселелер макулдашылгандан кийин бул программа ишке киргизилиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media