Студенттерди түндүк-түштүк боюнча ротациялоо пландалууда – С.Жапаров
Кыргызстанда студенттерди түндүк жана түштүк аймактары боюнча ротациялоо системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, депутаттарга кайрылуу жасады. Ал жогорку билим берүү системасына да ротация принциптерин киргизүү пландары бар экенин белгиледи.
Президенттин айтымында, келечекте бюджеттик орундардын бир бөлүгү түндүк жана түштүк аймактарга бөлүнүп, студенттер башка аймактарга барып билим алышат.
“Кудай буюрса, алдыда келе жаткан убакта, эмдиги жылы студенттерди дагы ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 000 бюджеттик орун берет экенбиз, ошонун 5 000ин түндүккө, 5 000ин түштүккө беребиз дагы, студенттерди толук ротация кылабыз. Түндүктүк студенттер түштүктөн барып окуйт, түштүктүктөр түндүктөн келип окуйт”, – деди Садыр Жапаров.
Мындай долбоорду эртерээк баштоо пландалган, бирок ишке ашыруу бир жылга жылдырылган.
Президенттин айтымында, буга өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга байланыштуу каржы каражаттарынын тартыштыгы себеп болгон. Ошондой эле жети облуста жана Бишкек, Ош шаарларында заманбап шарттары бар студенттик жатаканаларды куруу пландалып жатат.