Жаш ата-энелер үчүн окуу программалары боюнча жобо бекитилди
Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин жөнгө салган жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Документ Кыргыз Республикасынын "Жаштар жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, үй-бүлө институтун чыңдоого, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандырууга жана жаш үй-бүлөлөрдүн психологиялык-педагогикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Токтом никеге турууну пландаган адамдар жана жаш ата-энелер үчүн окуу программаларынын түзүмүнө, ошондой эле окутуу курстарын уюштуруунун тартибине бирдиктүү талаптарды белгилейт.
Документти ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга бекитилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
Мындан тышкары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.