Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды.
Андан соң Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин улантуу боюнча иштер текшерилди. Жооптуу кызматтарга тротуарларды курууда коопсуздукка жана иштердин сапатына көңүл буруу тапшырылды.
Мэр ошондой эле жаңы Жаш техниктер станциясынын курулушу менен таанышты. Учурда ички жана фасаддык иштер жүрүп жатат. Объектти 2026-жылдын 1-июнуна чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары №131 бала бакчага кошумча корпус курулушу каралды. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат курулууда. Мэр аны үч кабат кылып куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Көчмө жыйындын акырында "Орто-Алыш" суу алуучу жайындагы иштер текшерилди. Бул жерде кошумча көлмөлөрдү тазалоо жана суу менен толтуруу иштери жүрүүдө. Жыл аягына чейин дагы 12 көлмө куруу пландалууда.





