Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кечээ президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты.

“Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30% экспорттоп, 70% импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60%га чейин азайды”,-деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын экспорту 2,8 млрд долларды түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөткөн көлөмү 1,1 млрд доллар болгон.

Өлкөнүн негизги экспорттук өнөктөштөрү — Россия (22,9%), Казакстан (15,9%), Швейцария (15,4%), Өзбекстан (14,2%), Англия (8,2%), Кытай (5,4%), Бириккен Араб Эмираттары (4,3%) жана Түркия (2,7%) өлкөлөрү. Бул багыттагы соода мамилелерин чыңдоо үчүн Министрлер кабинети тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу

Өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды

Өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды

Президенттин Администрациясында өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана мунай ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты. Анда өлкөнү күйүүчү-

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл