Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 4 мугалим административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мектептин директору кызматынан бошотулду.
Учурда билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер улантылууда.