"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Үлүш ээлеринин кайрылууларынан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Учурда “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин бүткөрүү үчүн аларды министрликтин карамагына өткөрүп берүүдө.
Жолугушууда Самат Джантелиев “Кудайберген” жана “Шопоков Эко Сити” турак жай комплекстеринин курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал объектилерди өткөрүп алуу жана документтерди тариздөө үчүн убакыт керек экенин белгиледи.
Министрлик жарандардын укуктарын коргоо максатында компаниянын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүүдө. Анын алкагында объектилердин учурдагы абалы, курулуш иштеринин көлөмү, каржылык агымдар жана үлүштүк келишимдер талданып жатат.
Бул иштер долбоорлордун реалдуу абалын аныктап, курулушту улантуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган компаниядан төрт жыл мурда батир сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин турак жайына ээ боло элек. Курулуш иштери токтоп калганына байланыштуу алар бир нече жолу кайрылышкан.
Министрлик компанияга эскертүү берип, курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү берген. Бирок каржылык көйгөйлөрдөн улам курулуш иштери токтоп калган.