Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди
2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган. Учурда өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди.
Атап айтканда:
Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.
Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизди.
Ысык-Көл облусу, Тоң району — "Эрдик" ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкананы ачты.
Манас шаары "Золотой Орех" ЖЧК соода-логистикалык борбор каттоодон өттү. Кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.
Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.