Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди.
28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөдө такталгандай, 20-февралда Нарын шаарынын тургуну А.Т. Telegram мессенжери аркылуу интернет-дүкөндөн тыюу салынган психотроптук затты 26 миң сомго сатып алган. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин ага баңгизат катылган жердин дареги жөнөтүлгөн.
28-февралда А.Т. "сүйлөшкөн кызыма шакек сатып алам" деген шылтоо менен тууганы Р.А.ны Бишкекке барып келүүнү жана жолдо Арашан айылына токтоп кетүүнү суранган. Тууганы айтылган дарекке барганда укук коргоо органдары тарабынан кармалган.
Учурда шектүү А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.