Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген.

Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу" ЖЧКсы объектти үч күндүн ичинде демонтаждоо боюнча кепилдик кат берген.

Бүгүнкү күндө аймактагы унаалар чыгарылып, тосмолор алынууда. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары аталган аймак реконструкцияланып, Чыгыш автобекети таксилерге жана Кемин, Кант, Токмок шаарлары багытына каттаган кичи автобустарга ылайыкташтырылат.

Долбоордун алкагында аймак толугу менен асфальтталып, жарыктандыруу орнотулуп, жол белгилери жана жол чийиндери түшүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын