АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды.

Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат.

"Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет.
АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) жакынкы күндөрү Ак үйгө жана АКШ Конгрессине 50 млрд долларга чейин кошумча каржылоо сурап кайрылууну пландап жатат.

Рыноктогу айрым адистердин айтымында, бул суроо-талап катуу саясий талкууларды жаратышы мүмкүн, анткени эки партиянын мыйзам чыгаруучулары да чыгымдардын көлөмүн күмөн санап жатышат.
Республикачыл сенатор Лиза Мурковски Пентагондон бул чыгымдар боюнча толук негиздеме берүүнү талап кылды.

Аскердик операциянын чыгымдары абдан тез өсүүдө:

  • согуш аракеттеринин алгачкы алты күнүндө чыгымдар 11 млрд доллардан ашты;
  • күн сайын болжол менен 1 млрд доллар сарпталууда.

АКШ менен Израилдин биргелешкен операциясы 28-февралда башталган. Буга жооп катары Иран АКШнын аскер базаларына сокку урган:

  • Бахрейн
  • Катар
  • Кувейт
  • Бириккен Араб Эмираттары

Бул жаңжал Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүн дээрлик токтотуп, дүйнөлүк мунай баасын баррелине 100 доллардан жогору көтөрүп жиберди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media