Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган маалыматтарды таратып келген.

"Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ар бир жарандын кайрылуусу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзөбүз. Эгер аккаунт ачып алып жамандаган учурлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүү долбооруна кол коюлат

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүү долбооруна кол коюлат

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүүнү колдоого багытталган жаңы карбон (көмүртек) долбооруна кол коюу күтүлүп жатканын энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлү Хью Ридделл менен жолугушууда билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, аталган демилге iFIRST программасынын алкагында ишке ашып, өлкөдө көмүртек каржылоосуна байланышкан алгачкы кадамдардын бири болуп калмакчы. Белгиленгендей, долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү -

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,