Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды
Мал уурдоонун алдын алуу максатында 14-мартта түнкү саат 02:00дө Бишкек шаарындагы эт базарларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери катышты.
Мониторингдин алкагында 4 мобилдик топ түзүлүп, Ош базары, "Алтын Така" базары, Аламүдүн базары жана Орто-Сай базары текшерилди.
Текшерүүдө "Алтын Така" базарына ветеринардык документтери толук эмес эт алып кирүү аракеттери аныкталды. Mercedes-Benz автоунаасы менен ташылып келген 16 бодо малдын этине 14 гана документ болгон. Ошондой эле Sprinter автоунаасы менен ташылган 5 бодо малдын этинен бирине берилген ветеринардык документтин мөөнөтү өтүп кеткен.
Мындан тышкары, 3 жылкыны ветеринардык документтерсиз ташуу фактысы аныкталып, Ош базарында документтери жок жылкынын этин сатуу аракети токтотулду.
Аныкталган фактылар боюнча жүктүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.