Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү - “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик компаниясы аркылуу акыркы 5 жыл ичинде мунайзат жең ичинен өндүрүлүп, мамлекеттик казынадан сырткары көмүскө жол менен сатылып келгендигин ачыктады.  

Билдирүүгө караганда, Кыргызстанда жыл сайын 180 миң мунай зат өндүрүлөт жана анын өндүрүшү менен “Кыргызнефтегаз” ААК алектенет.  2021-2025-жылга чейин 262 миң тонна же 7 млрд 615млн сомго барабар чийки мунай зат мамлекеттик эмес, жеке ортомчу фирмалар аркылуу сатылып келген. Анын натыйжасында, чийки затты шектүү эсептен чыгаруу аракеттеринин айынан “Кыргызнефтегаз” 4 млрд сомдон ашык зыян тарткан.

Маалыматка ылайык, “2021–2025-жылдар аралыгындагы эсеп-фактураларды жана компаниянын маалыматтарын изилдеп, талдоонун жыйынтыгында мамлекеттик мунайдан түшкөн киреше жеке адамдардын колуна өтүп кеткен бир нече негизги схема аныкталды.  

Салык кызматынын адистеринин видеоиликтөөсү “Айсалык” ютуб каналында кеңири чагылдырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media