Бишкектин айрым аймактарында 19-мартта суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 19-мартта суу өчүрүлөт

19-март күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Көк-Жар” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

темир жол тилкеси – М. Фрунзе көчөсү – Аламүдүн суусу – Панфилов көчөсү;
темир жол тилкеси – Матросов көчөсү – Горький көчөсү – Гвардейский туюк көчөсү – Бектенов көчөсү – Скрябин көчөсү – Мавлянов көчөсү – 7-апрель көчөсү.

“Бишкексууканал” ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Ошондой эле жарандар “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турушса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы катары Чэнду шаарында "Кыргыз Республикасынын Соода үйүн" жана "Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында электрондук акчаларга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда

УКМКнын төрагасы бизнести кысымдан коргоону убада кылды

УКМКнын төрагасы бизнести кысымдан коргоону убада кылды

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков өлкөдөгү бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушканын ведомствонун басма сөз борбору билдирди. Жолугушуу 2026-жылдын январынан тартып президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен киргизилген ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу саясатын ишке ашыруунун алкагында өттү. Атайын кызматтын жетекчиси өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бизнестин туруктуу иштешине, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде жаңы кызматкерлер үчүн баштапкы даярдоо курстары башталды

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде жаңы кызматкерлер үчүн баштапкы даярдоо курстары башталды

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде (ТЗРК) компаниянын жаңы кызматкерлери үчүн милдеттүү үч күндүк баштапкы даярдоо курстары башталды, деп билдирет «Альянс Алтын. Окутуу программасы өндүрүштүк тилкеге чыгаар алдындагы зарыл этап болуп саналат жана ишкананын ички стандарттарын үйрөнүүгө багытталган. «Альянс Алтын» компаниясы кызматкерлерди өндүрүштүк чынжыр жана өнөр жай коопсуздугунун эрежелери менен ырааттуу