ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында электрондук акчаларга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Талкуу учурунда депутат Улан Примов Жарандык кодекске жана электрондук акчанын эмитентине байланыштуу "Төлөм системасы жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көңүл бурду. Депутат Дастанбек Жумабеков "электрондук акча" түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы боюнча суроо көтөрдү.

Ал эми депутат Дастан Бекешев электрондук акчаларды Жарандык кодекстин 22-беренесине киргизүүнүн зарылдыгы жана максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени тактады. Депутаттар Исманали Жороев, Таалайбек Сарыбашов жана Уланбек Жаанбаев электрондук акчаларды мурастоо боюнча сунушталган ченемдерге байланыштуу суроолорду беришти.

Ошондой эле комитет "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media