Аксы районунда 5 млн сомдон ашык каржылык бузуулар аныкталды

Аксы районунда 5 млн сомдон ашык каржылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайкештик аудит жүргүздү. Текшерүү 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин уланып, Аксы райондук мамлекеттик администрациясы, Аксы районунун өнүктүрүү фондусу, Финансы министрлигинин Аксы финансы башкармалыгы, Кербен шаардык мэриясы, Кербен шаардык мэриясынын алдындагы “Кербен Тазалык”, “Кербен Таза суу”, “Мин-Булак Таза суу” муниципалдык ишканалары, айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрү алдындагы муниципалдык ишканалары камтылды.

Эспетөө палатасынын маалыматына караганда, аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан 5005,8 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Эң ири бузуулар негизги каражаттарды эсепке алуу тартибин бузуу - 2434,0 миң сом жана бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн толук жана өз убагында чегерилбеши - 1714,4 миң сом менен байланыштуу болгон. Ошондой эле эмгек акы, командировкалык чыгымдар жана дебитордук карыздар боюнча да мыйзам бузуулар аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштамалар жана жазма буйруктар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, маалымат жергиликтүү кеңештерге жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8

Жумуртканын баасы турукташууда

Жумуртканын баасы турукташууда

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды. Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү. Делегация "Кепилдик