Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди
Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Бул долбоорлордун алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта сунушталууда.
Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен лизингге берилет.
Жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника дыйкандарга жеткирилген. Ал эми 2026-жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди.
Бул иштер айыл чарбасын механизациялоону жакшыртып, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.