Керектөөчү кредит жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Керектөөчү кредит жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «КРнын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Аталаган долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын КРнын “Керектөөчү кредит жөнүндө” жана “Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2 мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Долбоордо бир катар маанилүү өзгөртүүлөр каралган. Атап айтканда, «керектөөчү кредит» жана анын «толук наркы» түшүнүктөрү киргизилет. Мындан тышкары, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга карыз алуучунун карыздык жүгүн эсептөө боюнча так талаптар коюлат. Ошондой эле кредиторлор кардарларды келишим түзүүдөн мурда тобокелдиктер тууралуу милдеттүү түрдө кабардар кылууга тийиш болот. Эгер карыздык жүк 60%дан ашса, жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн экени да эскертилет.

Долбоордогу дагы бир маанилүү норма — керектөөчү кредит боюнча бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы (пайыздар, комиссиялар, айыптар жана башкалар) негизги карыздын 60%ынан ашпоого тийиш. Мындан сырткары, бир кредитти кайра каржылоо эки жолудан ашпоосу сунушталууда.

Кредиторлор кардарларга кредит тууралуу толук жана түшүнүктүү маалыматты, анын ичинде пайыздык чендерди жана бардык чыгымдарды ачык көрсөтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле пайыздык чендер өзгөргөн учурда бул маалымат расмий сайттарда өз убагында жарыяланышы керек болот.

Мындан тышкары, документ Улуттук банкка мыйзам талаптарын бузган каржы уюмдарына карата таасир этүү чараларын күчөтүү ыйгарым укуктарын берет.

Мындан тышкары окуңуз

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media
Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media