Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.
Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн.
Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 6,9 млрд сомго жетип, каржылоо дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөн.
Мындан тышкары, өткөн жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнгөн.
Адылбек Касымалиев маданият мекемелериндеги автотранспорттун көпчүлүгү эскирип кеткенин белгилеп, жаңы унаалар кызматкерлердин ишин жеңилдетип, тармакка жаңы дем берерин айтты.
Ошондой эле ал маданият мекемелери бюджеттик каржылоодон тышкары өз кирешесин көбөйтүүгө да аракет кылышы керектигин кошумчалап, тиешелүү министрликке бир катар тапшырмаларды берди.





