Жыл башынан бери өлкөдө 116 млн жүргүнчү ташылып, транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттады

Жыл башынан бери өлкөдө 116 млн жүргүнчү ташылып, транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттады

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү менен 116 миллиондон ашык жүргүнчү ташылганын Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, январь–февраль айларында жүргүнчүлөрдүн агымы 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 млн 3 миң адамга көбөйгөн.

Жалпысынан эки ай ичинде өлкөдө транспорттун бардык түрлөрүн 116 млн 66,4 миң жүргүнчү пайдаланган (өсүш 5,5%). Негизги жүк адаттагыдай эле автотранспортко туура келген:

  • Автобустар жана маршруттук таксилер: 108,7 млн адамды тейлеген (өткөн жылга салыштырмалуу +5,8 млн, өсүш 5,7%).
  • Таксилер: 6,1 млн жүргүнчү ташыган (өсүш 7,2%).
  • Темир жол транспорту: эң жогорку өсүштү көрсөткөн — жүргүнчүлөрдүн саны 28,1%га көбөйүп, 53,4 миң адамды түзгөн.
  • Авиация: 270,8 миң жүргүнчүнү ташыган (өсүш 6,8%).

Жүк ташуу

Бул тармакта ташылган жүктүн көлөмү 9 млн 181,5 миң тонна болуп, 2025-жылга салыштырмалуу 7,1%га көбөйгөн. Ошол эле учурда:

  • авиа жүк ташуу 18,9%га кыскарган,
  • автотранспорт менен ташуу 8,1%га өскөн.

Логистика жана байланыш

Логистика тармагында кескин өсүш байкалган:

  • почта жана курьердик кызматтардын көлөмү 28,5%га өсүп, 475 млн сомго жеткен;
  • байланыш кызматтары эки айда экономикага 6,7 млрд сом киреше алып келген (өсүш 8,5%).

Ошол эле учурда инфляциянын курамында транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттаган. Анын ичинде, Бишкек — Ош автожолу жана түндүк — түштүк багытындагы стратегиялык тоннелдер аркылуу өтүүгө төлөм киргизилгенине байланыштуу экени белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media