Бишкекте өзгөчө балдар үчүн "Үмүт Чырагы" бала бакчасынын курулушу башталды
Бишкекте кечээ "Үмүт Чырагы" аттуу бала бакчанын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө бул долбоор өзгөчө балдарга болгон камкордуктун маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи.
“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн бардык шарттар каралган мындай бала бакчанын курулушу коомубуз жана ата-энелер үчүн чоң кубаныч”, – деди ал.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бул жаңы бала бакча өзгөчө камкордукка муктаж балдардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна жана коомго аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди. Анын айтымында, бул борбор ата-энелер үчүн да чоң колдоо болуп берет.
Жаңы эки кабаттуу бала бакча Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Имараттын жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзүп, 250 балага ылайыкталат. Мекеме майыптыгы бар балдар үчүн атайын шарттар менен камсыз болот.
Бала бакчанын ичинде окуу класстары, гимнастика залы, логопед кабинети жана контакттык зоопарк каралат.
Долбоордун негизги максаты — майыптыгы бар балдарды тарбиялоо, окутуу жана социалдык жактан адаптациялоо үчүн заманбап шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөдө инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү болуп саналат.





