ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш ишин козгоду
"Кыргызнефтегаз" ААКтын кызмат адамдарына байланыштуу мыйзамсыз аракеттер боюнча иликтөө материалдары жарыяланып, анын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган "Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту" аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды.
Аталган материалдарда "Кыргызнефтегаз" ААКтын айрым кызмат адамдары тарабынан мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматтар камтылган. Алсак, текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурганы аныкталган.
Ошондой эле алар ишкананын стратегиялык мааниге ээ жана толугу менен мамлекеттик менчик экенин билип туруп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына каршы аракеттенишкени белгиленет.
Мындан тышкары, республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жаткан шартта, тиешелүү чараларды көрүүнүн ордуна, айрым кызмат адамдар мамлекеттик органдардын азырынча такталбаган өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барышканы маалым болду. Натыйжада байланышкан компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мыйзамсыз материалдык пайда табууга, анын ичинде салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистери тартылып, кылмыш иштин бардык жагдайларын толук жана калыс иликтөө, ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери улантылууда.