Москва районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди
Москва районунда прокуратуранын кийлигишүүсү менен ата-энеси жок үч балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Москва районунун прокуратурасы жетим балдардын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында жашаган үч тоголок жетим балага мыйзамда каралган жер тилкелери кезексиз берилбей келгендиги аныкталды.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде ар бир балага турак жай куруу үчүн 11 сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ошондой эле аларга жеке менчик укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар тапшырылды.
Бул иштер жетим балдардын мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.