Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди
Кечээ “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көл көлүнө май-канат (сиг-лудога) балыгынын орточо салмагы 0,30 грамм болгон 4 миллион 200 миң даана чабак коё берилди.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025-2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.
Балыктандыруу иштерине “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун өкүлдөрү жана Нарын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чара көлдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.