Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы күн сайын 30 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, сапаттуу органикалык продукция өндүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы Борбор Азияда кошумчасыз, органикалык сыр өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана 2,5 жылдан бери туруктуу иш алып барып, продукциясын негизинен кафе, ресторандар жана тез тамактануучу жайларга жеткирүүдө. Жакынкы убакта продукцияны өлкө боюнча соода түйүндөрүнө чыгаруу пландалууда.

Ишкананын негиздөөчүлөрү Түркияда 1938-жылдан бери сыр өндүрүү тажрыйбасына ээ болуп, ошол негизде Кыргызстанда заманбап завод ачышкан. Өндүрүштө колдонулган жабдуулар Германиядан алынып келинген, ал эми негизги технолог Түркиядан чакырылган.

Ишканада сырдын бир нече түрү, сары май жана каймак өндүрүлөт. Бардык продукциялар халал талаптарына жооп берип, эл аралык сертификаттарга ээ. Бүгүнкү күндө ишкана коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга 10 тоннага чейин продукция экспорттоодо. Ошондой эле Европа рыногуна чыгуу үчүн бардык зарыл сертификаттар алынган.

Ишкананын негизги артыкчылыгы — продукциянын курамында антибиотиктер жана башка кошумчалар колдонулбайт.

Министрлик органикалык таза продукцияны көбөйтүү жана заманбап өндүрүштү өнүктүрүү багытында ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлиги  жактырылды

Финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлигин жактырышты. Тийиштүү чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Эл өкүлдөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Эскерте кетсек, Руслан Сүйналиев буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери УКМК ички иликтөө жүргүзүп, анын жайынтыгында 7 адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин ЖМКларга берген маегинде айтты. Ошондой эле ал 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын, 6 киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын билдирди. Эске салсак, Президент

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районундагы “Кызыл Кашташ” кооперативи 113 гектар аянтка түз себүү технологиясы менен сафлор өстүрө баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган кооператив райондо биринчилерден болуп сафлор өстүрүүгө киришти. Жаңы ыкма — жерди айдабай туруп түз себүү — өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, кыртыштын нымдуулугун сактоого жана талаа жумуштарын

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Акыркы жылдарда мурда чет өлкөлөрдөн экспорттолуп, өлкө ичинде кымбат баада сатылып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап агротехнологиялар менен өндүргөн фермер, дыйкандар көбөйө баштаганы кубандырат. Бул биринчиден, ички рыноктогу импортук товарларды азайтууга салым кошсо, экинчиден, фермер жакшы киреше табуу менен бирге кыргызстандыктардын тамак-аш рационун байытат.  Бул сапар бизге Кыргызстанда жашыл спаржаны