Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

24-мартта саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттени билдиришти.

Суу берүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине чектелет.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектеш аймактарда болот: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.

Ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик жана Салам-Алик конуштарында суу болбойт.

Өчүрүү "Северный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" ишканасы жарандардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат жана жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Мындан тышкары окуңуз

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Кыргызстанда жаңы автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген автокредит программалары ишке кирди. Эми жарандар унааны жылдык 8% менен, ал эми мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери 4% менен ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. "Жеңил" программасы мамлекеттик колдоо менен ишке ашырылып, бюджеттик тармакта иштегендерге арналган. Анын алкагында

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштаганын Жазуучулар союзунан билдиришти. Анда белгиленгендей, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Ч. Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат.  Ал