Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бөлүп беришкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

20-21-июнда Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, рейд учурунда көлдүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

Ысык-Ата районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз маяна төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, бир төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, төлөм уюмуна жалпы суммасы 165 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган,  бирок кандай талаптардын бузулгандыгы ачыкталган эмес. 2016-жылдын 19-июнуна карата Кыргыз Республикасынын

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, авиация тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы “Ачык асман” жөнүндө