Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот
Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Функция аркылуу колдонуучулар:
- ижара келишимдерин көрө алышат;
- төлөм мөөнөттөрү тууралуу эскертмелерди алышат;
- ижара акысын онлайн төлөп, операциялардын тарыхын көзөмөлдөй алышат.
Бардык кызматтар онлайн форматта, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт. Учурда ижарачылар жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуп башташып, анын ыкчамдыгын жана ыңгайлуулугун белгилешүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды санариптик кызматтарды активдүү колдонууга чакырат.