Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн
Россияда 2026-жылы жеке адамдардын банкротко учурашы көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолду экономика илимдеринин кандидаты, Инго Банктын аналитика боюнча директору Василий Кутьин «Газете.Ru» басылмасына билдирген.
Серепчинин айтымында, банкроттуктун өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө.
"Алардын катарына калктын карыз жүгүнүн жогорулашы, айрым жарандардын алган насыяларын төлөй албай калышы жана ипотекалык турак жайды сактоо менен банкрот болуу тажрыйбасынын кеңейиши кирет. Ушул эле учурда калктын кирешеси бир тегиз өсүп жаткан жок. Турмуштук көйгөйлөр - ооруу, жумушсуз калуу же айлык акыны кечиктирүү сыяктуу жагдайлар адамдарды жаңы карыз алууга мажбурлап жатат" - дейт Кутьин.
Ошондой эле Кутьин банктардын кредит саясатынын катаалдашышын кошумча тобокелдик катары атады. Анын сөзүнө караганда, көптөгөн карыз алуучулар эски насыяларын кайра каржылай албай калышууда. Себеби банктар кредиттик тарыхы жакшы жана карыздык жүгү 50%дан ашпаган кардарларга артыкчылык бергендиктен, көпчүлүктүн кайра насыя алуу мүмкүнчүлүгү азайып, төлөмдөрдү кечиктирип, банкроттук коркунучу күчөп жатат.
Экономикалык серепчи “Федресурс” маалыматына таянып, 2025-жылы Россияда жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин сот аркылуу банкрот болушу 568 миңге жеткенин белгиледи.
"Бул 2024-жылга салыштырмалуу 31,5%га көп. Банкрот болгон жарандардын «портрети» да өзгөрүүдө. Карызкорлорду коргоо фондунун маалыматына ылайык, мурда орточо курак 45 жаш болсо, азыр 38–40 жашта жаш адамдар көп банкротко учурай баштады. Мындан тышкары, учурда соттук банкроттук иштеринин басымдуу бөлүгүн жарандардын өздөрү баштоодо. 2025-жылы мындай учурлардын үлүшү 97,3%га жеткен" - дейт, Кутьин.
Ошондой эле жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, 2025–2026-жылдары россиялыктардын дээрлик 40%ы акча топтой албастыгы маалым болгондугу айтылууда.