Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду.
Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү сууну пайдаланганы аныкталган. Бул факт боюнча №222 токтомдун негизинде 58 миң 320 сом өлчөмүндө доо эсептелди.
Ошондой эле мекеме сууну пайдаланып келгенине карабастан, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөнү белгилүү болду.