Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды
Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бөлүп беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.