Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

2026-жылдын 24-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, суу берүүнү токтотуунун себеби  «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болуп жатат.

Өчүрүү аймагы, кийинки көчөлөр менен чектешет: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү.

Ошондой эле: Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик турак жай конуштары.

“Бишкексууканал” МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалар менен тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Эртең менен эрте эле борбордук аянтка шаардын ар тарабынан адамдар агыла баштады. Таң атканга чейин эле мейкиндик толо баштап, жарандар үй-бүлөлөрү менен, колдоруна жайнамаздарын кармап келишип, сап-сап болуп тизиле башташты. Намаз башталганга карата аянт дээрлик толуп калды. Ишенгендер борбордук бөлүктү гана эмес, ага чектеш көчөлөрдү да ээлеп, ийин тирешип турушту.

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорт" ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер тилкелери боюнча аукциондун экинчи этабы жарыяланганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондо курулушу жүрүп жаткан "Жыргалаң" курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес