Айт маарек болсун!
Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары!
Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз!
Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат.
Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес ырыскы, ой-тилектер орундалып, ар бир ишиңиздерди ийгилик коштоп жүрүшүн каалайбыз.
Жергебизде тынчтык, өлкөбүздө туруктуулук менен өнүгүп-өсүү болсун!