1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекет дарыгерлерге колдоо болоорун, алардын эмгек маяналары көтөрүлөрүн айтып келген. Ушуга байланыштуу азыр, ооруканалардагы медицина кызматкерлеринин тартыштыгын чечүү, медициналык мекемелерге жүктү азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул тууралуу өзүнүн баракчасында билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарт менен ипотекага батирлерди берүүдө медицина кызматкерлерине артыкчылык берүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

“Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген жаш дарыгерлер бүгүнкү күндө 13 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 248 сом алышат. Албетте, эмгек тажрыйбасы мол дарыгерлердин апрелден кийинки эмгек маянасы ошого жараша көп болот. Башкача айтканда,  “стаж үчүн” деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт. Алыскы тоолуу  райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30%га көбөйөт” - деп билдирди Алакөзов.

Ошондой эле “Дарыгердин депозити” программасы боюнча мамлекет дарыгерлерге кварталына 66 000 сомдон төлөп берет. Мындан сырткары өлкөдөгү 28 миң медайымдын айлык акысы 8541 сомдон 29053 сомго чейин, же үч эсеге көтөрүлө тургандыгы президенттин басма сөз катчысы кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды

2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада мал чарбачылыгында оң динамика байкалууда. Бир уйдан орточо саалган сүт 2024-жылы 2063 кг болсо, 2025-жылы 2114 кгга жетип, өсүү темпи 2%ды түздү. Эң жогорку натыйжаларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чарбалары көрсөттү — тиешелүүлүгүнө жараша 3339 кг жана 3203 кг. Ошол эле учурда эң

Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу “Ишкер Медиа” сайтынын окурмандары! Сиздерди жаз жаңырып, табият ойгонуп, үмүттү жана жакшылыкты ыроолотуп келген Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Нооруз - өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп саналат. Ушул улуу күндүн келиши менен элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык жана өсүп-өнүгүү болсун! Ар бир үйдө

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, программанын негизги максаты — аймактар арасындагы теңсиздикти азайтуу жана дотацияда турган аймактарды өзүн-өзү камсыздай алган деңгээлге жеткирүү. Рыспаев белгилегендей, Кант жана Өзгөн

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстеринин бир нечеси пайдаланууга берилди. Бул комплекстер төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт: * коопсуздук курун тагынбоо; * каршы тилкеге чыгып кетүү; * ылдамдыкты ашыруу; * жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын сактабоо; * "Коопсуз шаар" камералары аркылуу төлөнбөгөн