Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, программанын негизги максаты — аймактар арасындагы теңсиздикти азайтуу жана дотацияда турган аймактарды өзүн-өзү камсыздай алган деңгээлге жеткирүү.

Рыспаев белгилегендей, Кант жана Өзгөн шаарлары үчүн мастер-пландар даярдалып бүттү. Анда негизинен инфраструктуралык жана башкаруу маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт катары каралган. Учурда документтер бекитүү баскычында турат.

Муну менен катар өлкө боюнча аймактар жана шаарлар үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү программалары (СЭӨП) иштелип чыгып, аларды ишке ашыруу үчүн адистер окутулууда.

Программанын алкагында:

  • Кара-Суу районунда автоунаа чогултуучу завод курулууда, ошондой эле аккумулятор жана LED чырактарды өндүрүү пландалууда;
  • Араван районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдорду жана кубаттуулугу 9 МВт болгон ГЭСтер каскадын куруу каралууда;
  • Өзгөн районунда 600 тонна сыйымдуулуктагы логистикалык борбор куруу пландалууда.

Рыспаевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүү үч негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: айыл чарба, өнөр жай жана туризм.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500