Өзгөн районунда интернет алдамчылык боюнча дроппер кармалды
Өзгөн РИИБнин маалыматына ылайык, Өзгөн районунда интернет алдамчылык иши боюнча дроппер аныкталды.
Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 21-январында 1992-жылы туулган А.К. аттуу жаран РИИБге кайрылган. Ал Telegram’дагы "Тему" группасында белгисиз адамдар акчасын көбөйтүп берем деп 556 миң 819 сомду банк карталарына которууга көндүрүшкөнүн билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык капчыктарды жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга өткөрүү же сатуу" деген беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2005-жылы туулган Ж.Н. аттуу шектүү кармалды. Ал тергөө органдарына жеткирилди. Тергөө учурунда жабыркаган тараптын чыгымы толук калыбына келтирилди.
Милиция жарандарды интернеттеги "жеңил киреше" сунуштарына ишенбөөгө, шектүү шилтемелерди ачпоого жана банк карталарынын маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырууда.