Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды
Араван районунда жашыруун оюн жайы аныкталды. Аны айылдык кеңештин депутаты уюштурганы белгилүү болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүктү Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. уюштурган. Алар Жар-Кыштак айылында лицензиясыз жана салык төлөбөстөн оюн жай ачышкан.
Текшерүү учурунда 11 компьютер табылган, алар интернет-казиного кирүү үчүн колдонулган. Ошондой эле 400 миң сом акча каражаты жана башка жабдуулар алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү ("Кумар оюн ишмердүүлүгүн мыйзамсыз уюштуруу") менен кылмыш иши козголду.
2026-жылдын 19-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр УКМКнын убактылуу тергөө изоляциясына камакка алынды.