Чүйдө мыйзамсыз иштеген багги-картинг жабылды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринин мыйзамдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө иштери улантылууда.
Анын алкагында Чүй региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Байтик-Баатыр айыл өкмөтү менен биргеликте түзүлгөн комиссия Кашка-Суу айылындагы “Buggy Drom” багги-картинг объектисине текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объектте квадроциклдер үчүн айдоо жолу уюштурулуп, аймак автоунаа дөңгөлөктөрү менен тосулгандыгы аныкталды. Ошондой эле контейнер жана гараж сыяктуу көмөкчү курулмалар техникаларды сактоо жана тейлөө үчүн пайдаланылып жатканы белгилүү болду.
Мындан тышкары, айыл чарба багытындагы жер тилкесине тиешелүү уруксат документтери жок электр кабели тартылганы аныкталды. Бул мыйзам талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.
Ошондой эле объект долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткандыгы, пайдалануу жана жайгаштыруу боюнча керектүү документтер көрсөтүлбөгөнү белгиленди.
Жыйынтыгында “Buggy Drom” объектисине жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам бузуулар жоюлганга чейин анын ишмердүүлүгү токтотулду.
Тийиштүү органдар тарабынан мыйзам бузууларды жоюу боюнча көзөмөл улантылат.