Ош облусунда экологиялык талаптарды бузуу боюнча 435 факт аныкталды
Ош облусунда калдыктарды башкаруу жана экологиялык абал олуттуу көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин жумушчу сапарынын алкагында белгилүү болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда катуу тиричилик калдыктарын кабыл алуучу болгону үч гана мыйзамдуу пункт иштеп, бул "таштанды кризисинин" жаралуу коркунучун жаратат. Облус боюнча 33 полигондун абалы күчөтүлгөн көзөмөлдү талап кылат.
Ошондой эле Ош шаарында толук кандуу канализация системасынын жоктугу экологиялык абалга терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
2025-жылдын жыйынтыгында 129 текшерүү жүргүзүлүп, 435 мыйзам бузуу аныкталган. Алардын негизинде 800 миң сом айып пул салынган. Мындан тышкары айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн 48 фактысы аныкталып, анын ичинен 33 материал боюнча 6 448 000 сом өндүрүлгөн.
Тийиштүү кызматтар экологиялык талаптарды сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди улантууда.