Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаранга багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын тиешелүү органдары менен иш алып барып, натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.