Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде курулуп жаткан кошумча окуу корпусунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жаңы 5 кабаттуу имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсү, 113 дарегинде курулууда. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жетти. Ошондой эле жертөлө кабатындагы кыш коюу иштери толугу менен бүткөрүлүп, 1-кабаттын дубалдарынын 40 пайызы бүткөрүлгөн.
Министр курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон туруп, окутуучулар жана студенттер үчүн заманбап шарттар менен камсыздалат.
Жаңы имарат пайдаланууга берилгенден кийин окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.





