Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү
Өзбекстандын Ташкент шаарында туруктуу агроэкосистемалар темасында "Италия – Борбор Азия (С5) – Азербайжан" форматындагы бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Форумга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары А.Ж. Жээналиев катышып, баяндама жасады. Ал өз сөзүндө агрардык сектордун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, анын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу, калкты жумуш менен камсыз кылуудагы жана экономикалык өсүштөгү маанилүү ролун баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө фермерлерди колдоо, билим берүү жана технология алмашуу аркылуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун жыйынтыгында сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, жаңы технологияларды киргизүү, агроөнөр жайды модернизациялоо жана жеке секторду колдоо боюнча коммюнике кабыл алынды.
Иш-чаранын алкагында B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, анда санариптештирүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана соода байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.