Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Долбоор шаардын экологиясын жакшыртууга, тургундар үчүн коопсуз шарт түзүүгө жана шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга багытталган.

Станциянын курулушу эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта объекттин кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзүп, болжол менен 75 миң тургунду тейлей алат.

Экинчи этап 2027-жылы башталып, дагы 12 миң куб метр кошулат. Натыйжада жалпы кубаттуулук 24 миң куб метрге жетип, борбордук саркынды суу тутумуна толук туташкан шартта 150 миң тургунду тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Учурда курулуш иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Бетон жумуштары толук аяктап, аэротенктер, баштапкы жана экинчи чөкмө бассейндер, кум жана май кармоочу жайлар курулду. Ошондой эле лабораториясы бар административдик имарат жана керектүү техникалык курулмалар даяр.

Алгачкы сыноо иштери 2026-жылдын май айына пландалган. Ал эми станцияны толук ишке берүү ушул жылдын август айына белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК "Оргтехстройдун" башкы директору И.К.М кармалганын билдирди

УКМК "Оргтехстройдун" башкы директору И.К.М кармалганын билдирди

УКМК "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп билдирди. Маалыматта аталган мекеменин 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларус, Казактан жана Кыргызстанга накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салган жарлык чыгарды. Ага ылайык, 1-апрелден тартып жарандарга 100 миң доллардан ашуун накталай акча алып чыгууга тыюу салынат. Жеке ишкерлер жана ишканалар үчүн тыюу акчанын суммасынан көз карандысыз иштейт. Эл аралык аэропорттордогу өткөрүү

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга макулдук берди. АКШ менен Коста-Риканын бийликтери башка өлкөлөрдөн депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшту. Коста-Риканын президентинин администрациясы билдиргендей, өлкө жума сайын 25ке чейин мигрантты кабыл ала алат деп Reuters агенттиги кабарлады. Келишимге ылайык, Вашингтон финансылык жактан колдойт, ал эми Эл

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда. Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын