Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Кочкор районунда жүргүзүлүп жаткан бетон полотно орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапарынын алкагында министр Теңдик каналынын Көк-Жар айылындагы участогунда аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп чыкты.

Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Камчыбек Курманбек уулунун маалыматына ылайык, район боюнча жалпы 12 065 чарчы метр бетон полотно орнотуу пландалган. Учурда иштердин жарымына жакыны аткарылып, курулуш иштери активдүү уланууда.

Атап айтканда, Көк-Жар айылында 3 800 чарчы метр аянтта, узундугу 440 метр болгон каналга бетон полотно төшөлүүдө. Белгиленгендей, иштерди бир жуманын ичинде толук аяктоо мерчемделүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан долбоор ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Россия өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну карап жатат

Россия өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну карап жатат

Россиянын Министрлер кабинети бензинди экспорттоого толук тыюу салууну кайра киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын "Интерфакс" агенттигинин булактары билдиришти. Бул маселе күйүүчү майдын биржадагы баалары кескин өсүп кеткендиктен талкуулана баштаган. Баалардын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы согуш себеп болгон. Булактардын айтымында, тыюуну дароо бир кварталга киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Мындай чектөөлөр Россияда өткөн

Бишкекте 5 мыйзамсыз газ толтуруучу жай аныкталып, айып салынды

Бишкекте 5 мыйзамсыз газ толтуруучу жай аныкталып, айып салынды

Бишкекте мыйзамсыз газ толтуруучу жайларга каршы рейдде 5 түйүн аныкталып, айып пул салынды. Коопсуздук талаптарын бузган бир объект демонтаждалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, ӨКМдин мамлекеттик өрт көзөмөлү жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

25-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, Токтогул – Беш-Таш унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталган. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрү гана асфальтталып, калган тилкелеринде жарандарга жана транспорт

Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Долбоор шаардын экологиясын жакшыртууга, тургундар үчүн коопсуз шарт түзүүгө жана шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга багытталган. Станциянын курулушу эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта объекттин