Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда.

Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөрдүн катышуусунда тестирленүүдө. Тестирлөөнүн жүрүшүндө препараттарды каттоо жана электрондук эсепке алуу процесстери текшерилип жатат.

Ошондой эле маалыматтардын тактыгына, колдонуучуга ыңгайлуулугуна жана бардык жол-жоболордун ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды. Документ Улуттук банктын ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Улуттук банктын маалыматына караганда, долбоор 2025-жылдын 28-октябрындагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы №238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча

Швейцариялык компания Кыргызстанга алтынды көзөмөлдөөгө жардам берет

Швейцариялык компания Кыргызстанга алтынды көзөмөлдөөгө жардам берет

Кыргызстанга банкноттор үчүн коргоочу боёкторду, ошондой эле товарларды маркировкалоо, аныктыгын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча чечимдерди сунуштаган дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири болгон SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон келди. Аны президент кабыл алды, ошондой эле кийинчерээк Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен жолугуп, алтын жана башка пайдалуу

Кыргыз-тажик чек арасында  мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында белгиленген өткөрмө пункттардан тышкары ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү боюнча бир катар аракеттердин алды алынды. Лейлек районунун чек арага жакын жерде чек арачылар Кыргызстандын жарандары башкарган Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтотушкан. Жүк бөлүгүнөн ветеринардык жана коштоочу документтери жок 12 баш ири мүйүздүү

Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Жунхай шаарында жайгашкан өндүрүштүк заводго жана ShuiFa Group корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Парткомдун мүчөсү, Шуйфа корпорациясынын директорунун орун басары Янг Бин менен жолукканын министрликтин маалымат кызматы билдирди. Тараптар энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги