Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды. Документ Улуттук банктын ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Улуттук банктын маалыматына караганда, долбоор 2025-жылдын 28-октябрындагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы №238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдардын негизинде даярдалган.

Маалыматка ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр жогоруда аталган мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен катар кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, каржылоо шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, ашыкча карыз жүгүн алдын алууга жана ак ниетсиз тажрыйбаларга бөгөт коюуга багытталган.

Анын алкагында банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишин жөнгө салган бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Алардын ичинде пайыздык чендерди эсептөө тартиби, ислам каржылоо принциптерине байланыштуу жоболор, типтүү келишимдерге талаптар, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясаты камтылган.

Улуттук банктын маалыматына караганда, бул өзгөртүүлөр каржы рыногундагы тартипти күчөтүп, керектөөчүлөр үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүүгө багытталат.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Ченемдик актылар» бөлүмүндө, ошондой эле коомдук талкуу үчүн бирдиктүү портал — koomtalkuu.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media